Мааракеге карата 30-май күнү саат 15-00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында кыргыз жана казак акындарынын айтышы болот. 31-май күнү 85 жылдык мааракеге карата “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү форуму болот. 31-май күнү кечки саат 19-30 да А.Сүйүнбаев атындагы шаардык стадионунда ОшМУнун 85 жылдык мааракесинин салтанатуу аземи өтөт.
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга демөөрчү болууну кааласаңыз биз менен байланышыңыз: +996 772 127 812
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаралар боюнча
аталышындагы форум
Форумдун максаты: аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн фактору катары илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин интеграциялоо; шаарларды, аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгуу үчүн билим берүүнүн, илимдин, бизнестин жана өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштыруу; аймактардын экономикасына трансформациялоо шартында билимди, алдыңкы тажрыйбаларды, инновацияларды жана технологияларды туруктуу алмашуу үчүн аянтча түзүү.
Өтүүчү убактысы: 31-май, 2024-жыл
Өтүлүүчү орду: Ош мамлекеттик университети, Ош шаары, Кыргыз Республикасы
Уюштуруучулар: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы
Эл аралык медицина факультетинин көк түстөгү залы
эл аралык медицина факультетинин кызыл түстөгү залы
медицина факультетиндеги №101 лекциялык зал
медицина факультетиндеги №102 лекциялык зал
# | Ф.И.О | Кызматы | Электрондук почта | Байланыш маалыматтары |
---|---|---|---|---|
1 | Омуров Нурлан Кубатович | Окуу иштери боюнча проректор | nurlan@oshsu.kg | 0(3222) 7-08-77 |
2 | Аттокуров Курсантбек Шарабидинович | Тышкы байланыштар боюнча проректор | attokurov@oshsu.kg | +996 550 212 528 |
3 | Маматжан уулу Мелис | Ректор аппарат башчысы | melisbek@oshsu.kg | +996772127812 |
4 | Рахимова Зилола Бахтияржановна | Эл аралык мамилелер боюнча жетектөөчү адис | - | +996773787748 |